Гилберт аралдары
Көрүнүш
Гилберт аралдары – Тынч океандагы атоллдор (аралдар) тобу (16дай), Микронезияда; Кирибати мамлекетине караштуу. Аянты 264 км2. Өлкөнүн борбору Баирики шаары Тарава атоллунда жайгашкан. Климаты экватордук, ысык жана нымдуу. Бадалдуу өсүмдүктөр басымдуу. Кокос пальмасы, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Гилберт аралдары 1764 жана 1824-жылдардын аралыгында англиялык деңиз офицерлери тарабынан ачылып, капитан Ж. Гилберттин урматына аталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4