Дипломатиялык иммунитет
Дипломатиялык иммунитет – дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иш-милдетин аткаруусуна тийиштүү деңгээлде шарт түзүп берүү максатында, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөргө, алардын башчылары менен кызматкерлерине иштеп жаткан өлкөдө өзгөчө укук менен артыкчылыктарды берүү. Д. и-тин юридикалык табияты бир эгемен мамлекет башка бирөөнүн бийлигине башийбегендигинде, ал эми дипломатиялык өкүлчүлүк менен анын дипломатиялык жамааты мамлекеттин өзүн билдире тургандыгында турат. 1961-жылкы Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндөгү Вена конвенциясына ылайык, Д. и. дипломатиялык өкүлчүлүк иммунитети, дипломатиялык жамаат жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн иммунитети болуп бөлүнөт. Биринчисине – дипломатиялык өкүлчүлүк имараттарынын колтийбестиги, мүлкү менен унаа каражаттарынын, кат-кабарларынын, архивинин иммунитети; салык иммунитети; өзүнүн борбору жана өз мамлекетинин дагы башка өкүлчүлүктөрү менен эч тоскоолдуксуз байланышуу укугу кирет. Жеке Д. и-ке – кертбашы менен туракжайынын колтийбестиги; өзү турган мамлекеттин кылмыш-жаза юрисдикциясынан, ошондой эле аткаруу аракетине карата жарандык жана административдик юрисдикциядан толук иммунитети; текшерүү (салык) иммунитети кирет. Дагы башка дипломатиялык өкүлчүлүк (административдик-техникалык жана тейлөө) жамааттары да азыноолак көлөмдөгү иммунитетке ээ.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7