Мазмунга өтүү

Кызыл-Кыя

Отурукташкан жай
Кызыл-Кыя
Герб
Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Баткен облусу
Координаттар 40°15′14″ с. ш. 72°07′57″ в. д.HGЯO
Мэр Эрмекбай Топчубаев
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1898
Аянты 55 км²
Борборунун бийиктиги 1058 м
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 51 300 адам (2017)
Жыштыгы 800 адам/км²
Агломерация 60 000
Улуттук курамы Кыргыздар — 67,8%

Өзбектер — 18,9%
Тажиктер — 4,7%
Орустар — 3,8%

Диний курамы Мусулмандар, Христяндар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 (3657)
Почта индекси 720300
Автоунаа коду A,03
Кызыл-Кыя (Кыргызстан)

Кызыл-КыяКыргызстандын Баткен облусундагы шаар.

Илгери, Эшме-Булак капчыгайындагы тоо суулары жеп кеткен кыртыштан көрүнүп калган «күйүүчу ташты» (көмүрдү) малчылар кадимкидей отун катары колдонуп келишкен экен. Эшме-Булак деп аталган жерге биринчи жолу геологиялык чалгын жүргүзгөн аймактык инженер Михаиловдун табылгасы, азыркы Кызыл-Кыядагы таш көмүр кенинин ачылганын расмий ырастоо менен шаардын пайдубалы түптөлгөн мезгилдин башаты катары эсептелип калган. Бул кабардын таасиринен кийин, орустар жана чет элдиктер кен өндүрүш үчүн аябай көп келе башташкан.

Кызыл-Кыя шаарынын тарыхый жөнү көмүр кени менен шартталганы табийгый көрүнүш. Шаардын каны, жаны, жаңы түспөлү, өткөнү менен бүгүнкүсү, келечеги да түпкүрүндө жатып жашоого нур төккөн, жылуулук, кубат берген керемет байлыгына байланыштуу.

Кызыл-Кыя Баткен облусуна караштуу Кичи-Алай кырка тоолорунун деңиз деңгээлинен 918 м бийиктикте жайгашкан.

Шаарда 1901-жылы темир жолу салынган. Шаардын дүң продукциясынын 55%тин көмүр казып алынуучу эски борборлорунун бири. Союз убактысында жеңил, тамак-аш, эт-сүт ж.б.өнөр жай тармактары өнүккөн. Кызыл-Кыяда шахта башкармасы, "Алай" аскердик техника заводу, бут кийим тигүүчу фаврикасы, сүт заводу, тамеки ферментөө заводу, электр механикалык ишканалар, курулуш метериалдар комбинаты, цемент чыгаруучу завод, консервация заводу ж.б. иштейт. Азыркы күнгө чейин ЖОЖлар, бала-бакчалар, 2 кесиптик окуу жайы, тоо-кен кесиптик тех.окуу жайы,медицина окуу жайы, шаардык оорукана, шаардык маданият үйү, дем алуу паркы, музей, басмакана ж.б. иштеп келет.

XX-кылымга жаңырарга аз калганда француз табышкерлер Шотт (муну кыргыздар Чотбай деп атап алышкан) менен Фосс 1901-жылы Кызыл-Кыядагы бир нече чакырым жерде жайгашкан Жин-Жиген кенин, кийинчерээк Фосс өз алдынча Жал деген жердеги кенге ээлик кылышкан. 1906-жылы Жалдын бир тарабынан орус ишкери Ракитин жаңы кен ачат. Француздардын ачкан шахтасы көп өтпөй суу астында калган. Кенди Н.Батюшковко сатышкан. Батюшков жаңы техникаларды алып келип кайра кенди иштете баштаган. Ошол эле 1908-жылы ал бис 1:1 жана бис 44 деген эки шахта ачып көмүр казууну тез жана сапаттуу кылып өндүрө баштаган. Андан соң ал Түркстандын генерал-губернаторуна көмүр кендеринен Скобелев (Фергана) шаарына чейин темир жол салуу өтүнүчү менен кайрылган. 1909-жылы курулган кууш темир жолдун узундугу 35 чакырымга барабар болуптур. Бул техникалык чоң жетишкендик эле. Себеби буга чейин көмүрдү Ферганага ат-арабаларда жеткиришип кыйналышкан эле.

Ошентип, 1909-1910-жылдардын кышында темир жол аркылуу 600миң пуд таш көмүр ташылып, кен казып алуу кыйла арбыды. Шахтерлор «шайтан» чырак менен көмүр казышкан. Шахтерлор учун көмүр казуу өтө эле оор иш бойдон кала берген. Себеби жыгачтын, темирлердин кымбатыгын шылтоолоп, түркүктөрдү аз коюшкан, бул кен казуучулар учун оор эле. Ошондуктан кырсык көп болгон, кен урап кеткен, аба жетпей калган, газ алып калган, ж.б. 1911-жылы 58 чоң кырсык катталган.

Кен ээлери кен казып өлгөн шахтерлордун үй бүлөсүнө, жетим балдарды көрмөксөнгө салып келишкен.

Шаардын маданий тармактарынын «бутак» алышы, катал тарткан отузунчу жылдардан арылап кетет. 1928-жылы Кызыл-Кыяда алгачкылардан болуп кенчилердин клубу ачылган. 1930-жылы кенчилердин аймагы текши радиолоштурулган. Радио точкалары жумушчулардын уйлорундо да орнотулган. 1932-жылы «Шахтер» радио-газетасы иштей баштаган. 1931-жылы август айында Кен башкармасынын «За уголь», ал эми 1932-жылдан баштап «комур учун» газеттери чыгарыла баштаган. Кызыл-Кыялык инсан Гулмат Алматовдун шаардык маданий тармагынын осуп-онугушуно кошкон ургаалдуу салымы жонундо азыркы кундо да урмат-сый менен эскеришет. Гулмат карыя 1932-жылы эки кабат уйун акысыз шахтерлордун эс алуу жайы — профилакториясына айландырган. Кийинчерээк ал бак-шактуу кооз жай пионер лагерине, ал эми 1947-жылдан баштап шаардын маданий эс алуу жайына айландырып, ага 1997-жылы Модо Гулмат акенин ысмы ыйгарылган. 1939-жылы, кайраткер шахтерлордун кун санап осуп келе жаткан рухий таламын канааттандыруу максатында шаардагы эн кооз имарат — шахтерлордун маданий Сарайы иштетууго берилген. Шахтерлордун бул маданият Сарайы шаардыктардын чыныгы маданий борборуна айланган. Мында ар жылы маданий жана спорттук секциялар да узгултуксуз иштиктуу откорулуп келген. 1951-жылы борбордук китепканасы ачылган. Борбордук китепкана сиситемасынын китеп фонду 162 мин нусканы тузуп, ал 1990-жылы 26151 мин нускага жеткен. 2011-жылы 141045 нуска китеп фонду бар.

Ошондой эле 26.400 сомго борбордук китепкана учун 1 компьютер жана 1 принтер алынды. Китепкана кызматкерлери республикалык, облустук, шаардык денгээлде откорулуп туруучу семинар-тренингдерге катышып турушат. Ошондой тренингдердин бири 2010 жылдын 2-ноябрынан 5-ноябрына чейин Бишкек шаарында АКШнын мамлекеттик департаментинин каржылоосу менен АЙРЕКС ишке ашырып жаткан "Билим беруудогу заманбап технологиялар" программасынын уюштуруусунда отту. Бул тренинге борбордук китепканадан 3 китепканачы катышып келишти жана натыйжада 6 компьютер, вебкамера, цифровой фотоаппарат, проектор, принтер, сканер, ксерокопия берилди .Ошондой эле Интернет байланышына туташтырылып 1жылдык моонотко пайдаланууга берилди. Азыркы учурда борбордук китепкананын алдында "Китепкана-Интернет маалымат булагы" ачылып, ийгиликтуу иштеп жатат. 1954-жылы МТС заводунун клубу пайдаланууга берилген. 1961-жылы «Дружба» кинотеатры ачылган. 1968-жылы «Заря» кинотеатры ачылган. 1974-жылы музейде 2360 экспанат катталып ачылышы болгон. 1976-жылы 9-май Жениш кунуно ардегерлердин хору уюштурулган жана алгачкы концерттерин беришкен. 1977-жылы шаарда «Баатыр энелердин» фольклордук-этнографиялык «Рахат» - деп аталган ыр-бий ансамбли да уюшулган.

Кызыл-Кыяга шаар макамы 1938-жылы берилген.

Анын аянты — 0,02 миң чарчы км.

Октябрь төнкөрүшүнүн шоокуму

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул ортодо Орусияда шоокуму дүйнө жүзүнө тараган Октябрь төнкөрүшү болду. Ага чейин эле Кызыл-Кыяда февраль революциясынын таасири менен жумушчу депутаттарынын комитети түзүлгөн эле. Бул Советтин алгачкы төрагасы 1905-жылы Москвадагы Куралдуу көтөрүлүшкө катышкан Иван Едренкин болгон. 1917-жылыдын 22-майындагы «Кызыл-Кыя» кенинин жумушчуларынын жалпы чогулушунун протоколу. 150 адам катышкан жыйындын токтому:

1. Коомчулукка аскер жана жумушчу депутаттарынын жергиликтүү Советине болочок мамлекетибиздин түзүлүшү Мыйзам чыгаруучу бир палаталуу Демократиялык Республика болорун түшүндурүү.
2. Телеграф аркылуу «Кызыл-Кыянын» жумушчулары чын дилинен, бүтүндөй күч кубатын жумшап Орусия революционерин колдой тургандыктарын кабарлоо. Жыйындын төрагасы — Михалев. Катчысы — Воронин.

1917-жылдын 1-июлундагы дагы бир документте шахтерлордун эмгеги бааланбаганы белгиленет. Алар тер төгүп, машакаттанып казган көмүр забойлордон убагында тартылбай, ишке тоскоол болгону белгиленет.

Ал эми кенчилердин турак-жайы санитардык шарттары өтө оор абалда болгондуктан жашоо-тиричилик ушунчалык кыйындаган. Кендин администрация төзөлгүн кырдаалга кызыгышпайт, жумушчулар менен жолугуудан тайсалдашат.

Октябрь революциясынын жениши Кызыл-Кыя көмүр кениндеги саясий абалды ого бетер курчутту. Эски менен жаңынын, эки түзүлүштүн аёосуз күрөшү, граждандык согуш, совет бийлигинин жеңиши менен аяктады.

Атактуу шахтёрлор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Кулатов, Владимир Егорович Рожков, Анатолий Александрович Епишев, Рамонжон Ташматов, Эрмек Абдуллаев, Мамасали Шакиев, Акмат Сайбидинов, Николай Тихонович Солошенко, Жусуп Садыков Алтымыш Сатывалдиев, Муса Абдувалиев, Можоев Георгий Никитович, А. Сайбединов Осмон Холматов.

Шаар жетекчилери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анатолий Михайлович Малов, Ильяс Жусубалиевич Жусубалиев, Давыдов Николой Петрович, Каримшер Абдумомунович Абдумомунович, Исмаил Исакович Масаитов, Жумабеков Болотбек Жекшенович, Жунусов А.А., Абдивасиев М.Н, Анарбаев А., Халмуразаев Абиш Алыбаевич 2011-жылдан 2016-жылдын 13-июлуна чейин мэр болуп кызматта турган. 2016-жылдын 2-августунда шаардын мэри катары Топчубаев Эрмек Асанович шайланды[1].

Шаардык саламаттык сактоонун өнүгүүсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл-Кыя ооруканасынын тарыхы 1918-жылдан башталат. Ушул жылы ал жерде кичиникей амбулатория ачылып, анда 1 фельдшер жана ага комоктошкон медкызматкерлер иштешкен. 1921-жылдын аягында 1922-жылдын башында жумушчулардын жана, дыйкандардын жана солдаттардын Кызыл-Кыя райондук Совети 20 койкалуу оорукананы ачуу туурасында чечим кабыл алынат. Алгачкы врач Сухини деген врач болгон. 1926-жылы ооруканадагы койканын саны 35ке жетет. 1932-жылы 100го андан кийин 200го жеткен. 1932-жылы жубай врачтар Капытиндер келишип эмгектенишет. Адистештирилген меджардамдар, жугуштуу оорулар, терапевтик, акушер-генекологдук болумдору ачылат. Тез жардам учун 1 ат араба берилген. КММИде коп жылдар бою иштеген профессор Эгембердиев Зафар Иогамович башкы врач болуп иштеген. Капытина Ангия Александровна орун басары болуп иштеген. Азыркы кундо башкы врач (2011-ж) Жанибеков.

Ош шаардык энциклопедиясы (фрунзе 1989)

Кылым арыткан Кызыл-К (Бишкек 1998)

газета "За уголь"

газета "Мезгил жарчысы"

Кызыл-Кыяда шаардык архиви