Ондук эсептөө тутуму
Ондук эсептөө тутуму — негизи 10 болгон эсептөө тутуму.
Тутумда 10 саны 2-разряддык бирдикти түзөт, 3-разряддык бирдик 100= 102, ал эми жалпысынан ар бир кийинки разряддык бирдик мурдагы разряддык бирдиктен 10 эсеге чоң.
Ондук эсептөө тутуму позициялык принципке негизделген, б. а. бир эле белги (сан) ээлеген ордуна жараша ар кандай мааниге ээ ондуктан биринчи гана 10 санды жазуу үчүн өзгөчө белгилер керектелет. Алар 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7,8,9 белгилери менен белгиленет да сандар деп аталат.
Санды жазуу үчүн адегенде андагы эң жог. разряддын бирдигинин санын аныктайт, андан кийин калдыгындагы бирге кичине болгон разряддын бирдигинин санын аныктайт ж. у. с. Алынган сандар катарга жазылат.
3 ондук 5 бирдик
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.