Тамилдер
Тамилдер - (тамил. தமிழர்) Түштүк Азиядагы эл. Индия, Шри-Ланка, Малайзия, Бирма, Сингапур, Австралия жана Океа- нияда жашайт. Саны 76 млн (2011). Тамил тилинде сүйлөшөт. Көбү - индуизм, азы - ислам динин тутат.
Тамил Илам |
---|
Жайгашуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тамилдер - Индияда жана Шри Ланкада жашай турган калк.
- Тамил Наду, Индия штатында.
- Тамил Илам, Шри-Ланкадагы аянтта.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биздин заманга чейинки III кылымда, Тамилдердин «Чола», «Чера», «Пандья» мамлекеттери болгон. XIV кылымда Тамилнад («тамилдердин жери») Вижаянагар империясынын курамына кирген. XVII кылымда ал көптөгөн мамлекеттерге бөлүнүп кеткен.
Антропология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тамилдер антропологиялык жактан түштүк-индия расасына кирет. Дравиддер (негизинен Түштүк Индияны мекендеген телугулар, малаяли, каннара ж. б. элдер) менен байланыштуу келип чыккан. Б. з. ч. 3-кылымда эле Тамилдердин Чола, Чера жана Пандья мамлекеттери белгилуу болгон. 14-кылымда Тамилнад («тамиль жери») Вижаянагар империясынын бир бөлүгүнө айланган. Тамилдердин 80 %и айыл чарбада иштейт. Кол өнөрчүлүк, искусство өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.