Вудро Вильсон
Вильсон (Уилсон) Томас Вудро - (28.12.1856, Стантон 3.2.1924, Вашингтон) АКШнын 28-президенти. Принстон университетин бүтүргөн (1879). 1883-ж. илимий карьерасын баштап, 1886-ж. философия доктору наамын алган. 1890-1902-ж. профессор, 1902-10-ж. Принстон университетинин президенти, 1910-12-ж. Нью-Жерси штатынын губернатору. 1913-21-ж. Демократиялык партиядан АКШнын Президенттигине шайланган. «Жаңы эркиндиктер» деп аталган программасын иштеп чыгып, анда атаандаштыкты колдонуу, коррупция менен күрөшүүнү күчөткөн. Тышкы саясатта алгач бейтарап абалды сактоону жактап, кийин Германияга каршы согушка катышуу чечимине келген. 1917-ж. 6-апрелде АКШ Германияга каршы согуш жарыялаган. Ушундан тарта Вильсон согуштан кийинки дүйнөлүк тартип орнотуунун негизги принциптерин камтыган «14 пункт» деп аталган программасын иштеп чыккан. Анын бир пунктунда камтылган эларалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттер аралык уюмду Улуттар Лигасын түзүү идеясы согуштан кийинки Париж тынчтык конф-ясында ишке ашкан, бирок, анын бул идеясын АКШнын Сенаты колдобой, Версаль тынчтык келишимин (1919) ратификациялоодон баш тарткан. Президенттик мөөнөтү аяктаган соң, Вильсон саясий ишмердүүлүгүн токтоткон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
АКШ президенттеринин тизмеси | |
---|---|
1—10 (1789—1845) | Жорж Вашингтон • Жон Адамс • Томас Жефферсон • Жеймс Мэдисон • Жеймс Монро • Жон Куинси Адамс • Эндрю Жексон • Мартин Ван Бюрен • Уильям Гаррисон • Жон Тайлер |
11—20 (1845—1881) | Жеймс Нокс Полк • Закари Тейлор • Миллард Филлмор • Франклин Пирс • Жеймс Бьюкенен • Авраам Линкольн • Эндрю Жонсон • Улисс Грант • Ратерфорд Хейс • Жеймс Гарфилд |
21—30 (1881—1929) | Честер Артур • Гровер Кливленд • Бенжамин Гаррисон • Гровер Кливленд • Уильям Мак-Кинли • Теодор Рузвельт • Уильям Тафт • Вудро Вильсон • Уоррен Гардинг • Калвин Кулиж |
31—40 (1929—1989) | Герберт Гувер • Франклин Рузвельт • Гарри Трумэн • Дуайт Эйзенхауэр • Жон Кеннеди • Линдон Жонсон • Ричард Никсон • Жеральд Форд • Жимми Картер • Рональд Рейган |
41—46 (1989 — азыркы учурга чейин) | Жорж Герберт Уокер Буш • Билл Клинтон • Жорж Уокер Буш • Барак Обама • Дональд Трамп • Жо Байден |