Жер ортолук деңиз аймагы
Жер ортолук деңиз аймагы – табигый географиялык аймак (өлкө). Пиреней, Апеннин, Балкан жарым аралын, Кичи Азиянын түштүк жана батыш бөлүктөрүн, Сирия, Палестина жээктерин, Африканын түндүк жээгин (Атлас тоолорунун көп бөлүгүн) жана жер ортолук деңиздеги аралдарды камтыйт. Аянты 4 млн км2дей. Альп бүктөлүү (геосинклиналдык) облусуна кирет; активдүү жер титирөө болот; аракеттеги жанартоолор бар (Этна, Везувий, Стромболи). Түндүк бөлүгүнүн рельефине орто бийик тоолордун, бөксө тоолордун жана дөңсөөлүү түздүктөрдүн айкалышы мүнөздүү; карст рельефи да кеңири таралган (мисалы, Динара тайпак тоосунда жана башка). Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык бөлүгүндө катмарланган түзү-лүштөгү түздүктөр басымдуу. Субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачын кышында арбын жаайт, жайы кургакчыл. Январдын орточо температурасы түндүк-чыгышында 0–2°С, түштүгүндө 10–12°С, июлдуку түндүгүндө 19–20°С, түштүгүндө 28–30°С. Түздүктөрүнө жылына 300–400 мм, тоолоруна 3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Түштүктү жана чыгышты карай климаттын кургакчылыгы күчөйт. Вегетация мезгили узакка (7 айдан ашык) созулгандыктан, субтропиктик өсүмдүктөрдү өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, бирок суунун тартыштыгынан дыйканчылык жана бак-дарак өстүрүү чектелет. Дарыяларынын суусу жайында өтө тартылат; сугатка кеңири пайдаланылат.
Негизги дарыялары: Эбро, Рона, По, Марица, Нилимий Өсүмдүктөрдөн ксерофилдик дайыма жашыл жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана, гарига) басымдуу; ошондой эле катуу, жазы жана ийне жалбырактуу токой массивдери да (негизинен тоолордо) кездешет. Жер ортолук деңиз аймагынын африкалык жана азиялык бөлүктөрүндө жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Буудай, жүгөрү, май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; бак-дарак, жүзүм-зар, цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары кеңири аянтты ээлейт. Тоолуу бөлүктөрүндө мал чарбасы (негизинен кой чарбасы), жээк сууларында балыкчылык (сардина, тунец) өнүккөн. Жээктеринде деңиз курорттору (Ривьера) арбын. Жер ортолук деңиз аймагы (Средиземье) – антикалык цивилизация өнүккөн тарыхый аймак.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1